Бишкектеги имаратта өрт чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Южный Ковчег" имаратында өрт чыкты. ӨКМдин маалыматына ылайык өрт эрте мененки саат 8:40 чамасында башталган. Аны өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү бригада жана эки суу ташуучу унаа тартылган. Жанындагы жеке мектептин имараты жакын жайгашкандыктан, өрт аны да каптап, бирок өз убагында токтотулган.