Ташиев: максатыбыз - шайлоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Саясий күрөшкө бирге аттанууну көздөгөн Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков бүгүн журналисттер менен жолугушуп, биригүү максаттарын айтып беришти. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев "үчөөбүздүн бирибиз президенттикке аттанат", деп билдирди. Ал үчөө тең мамлекет башкарууга толук жарачу саясатчылар экенин белгилеп, бирок чогуу кеңешип, үчөөнүн бирөө келерки жылы президенттик шайлоого чыгарын маалымдады.