Атамбаев: "Белизгейт" тастыкталбаса Сегизбаев жоопко тартылат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Мамлекет башчы бул жерде кылмыш ишин козгоо тууралуу эмес, түшкөн маалыматтарды текшерүү жөнүндө сөз болуп жатканын айтып, бул боюнча иликтөөнү толук жүргүзүүгө күч органдарына убакыт берүү зарылдыгын белгиледи.