Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нургазынын баяны 2015-жылы эле башталган. Эгер эсиңизде болсо ал түшкөн арабаны иниси түртүп, өз алдынча мектепке баруу үчүн квадрацикл болсо деп самачу. “Азаттыктын” макаласы чыккандан кийин демөөрчүлөр кайрылып, анын каалоосу аткарылган. Ал эми 2016-жылы Нургазы жөнүндө тартылган Улан Эгизбаевдин "Кыял" аттуу тасмасы Интернет Оскар деп аталган Webby Awards сынагына катышкан.