Жакупова: президент авиакырсыкта эл менен болгон жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экс-депутат Чолпон Жакупова президент Алмазбек Атамбаев авиакырсыкка байланыштуу элдин көзүнө көрүнүп, көңүл айтпаганын лидерлик касиетке жатпаган жорук деп сыпаттады. Мамлекет башчынын аппаратынын басма сөз кызматы экс-депутаттын айткандары туура эместигин, Атамбаев жагдайды дайыма көзөмөлдөп турарын айтууда. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кырсык болгон күнү мамлекет башчынын көңүл айтуусун маалымдаган. 17-январь – Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.