Жети-Өгүз: балыкка ажал айдаганбы...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-январь Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында балык уулоого чыгып дайынсыз жоголуп кеткен эки жигиттин биринин сөөгү табылды. Маалыматка караганда, 19-январда Жеңиш айылынын тургуну, 19 жаштагы Жыргалбек уулу Эрмектин сөөгүн куткаруучулар 25-30 метр тереңдиктен алып чыгышкан. Жыргалбектин теңтушу Саруу айылынын тургуну, таекеси Тойчу Тыныбек уулу табыла элек.