ЖК: өкмөт башчы менен депутат кайым айтышты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдай тууралуу эки саат маалымат берди. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчынын парламентарийлердин суроолоруна жооп берүү убактысын узартууну сунуштады. Бирок Жээнбеков түштөн кийинкиге белгиленген жыйындары бар экенин белгилеп, ага макул болгон жок. Натыйжада экөө айтыша кетишти.