Мүнхен: Атамбаев Меркелди сыйлады

Кыргызстандын президенти бүгүн Германиянын канцлери менен жолугушуп, кыргыз-немис кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата орден менен сыйлады.

Мүнхендеги жыйын

Жыйынды Германиянын канцлери Ангела Меркел ачты. 

Сыйлык менен кошо президент Алмазбек Атамбаев канцлер Ангела Меркелге анын өткөн жылкы сапарынын жыйынтыгы тууралуу сүрөт альбомун тапшырды. Ангела Меркел буга терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга сапарын дайыма жылуу маанай менен эскерерин билдирди.