Путиндин Бишкек сапары

Орусия президенти Путин Борбор Азия боюнча сапарга чыгып, эки күндөн бери Казакстанда, андан кийин Тажикстанда болду. 

Бул сапарынын алкагында ал шейшембиде Кыргызстанга да келет, бирок аймактын калган эки өлкөсү: Өзбекстан менен Түркмөнстанга барбайт.

Орус президенти Путин менен Атамбаевдин жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болду. 

Жолугушуу учурунда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле жакшы нукка түшүп калганын айтты.

Мамлекет башчы белгилегендей, "эки өлкө ортосундагы кызматташтык ал гана эмес стратегиялык өнөктөш деңгээлине көтөрүлдү".