Атамбаев саясатта калгысы келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев орус президент Владимир Путин менен жолугушууда бир катар билдирүүлөрдү жасады. Ал саясатта каларын айтып, Апрель ыӊкылабы учурундагы талап-тоноочулуктун аягына чыгам деп убада берди. Президенттин билдирүүлөр эмнеден кабар берет? Бийликтин акыркы саясий жана кадрдык жүрүштөрү эмне максатты көздөйт? Бул суроолорго “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издедик. Талкууга УКМКнын мурдагы төрагасы, саясатчы Кеӊешбек Дүйшөбаев жана коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев катышты.