"Ата Мекендин" шек жараткан документи

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-январда "Манас" аба бекетинин жанына кулаган "Боингдеги" жүк кимге тиешелүү экендиги алигиче белгисиз бойдон калууда. Атайын иликтөө комиссиясы ушул күнгө чейин эч бир корутунду чыгара элек. Ал арада "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин аталган жүк боюнча жарыялаган документтери жасалма экендигин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий тастыктады. Адистердин айтымында, чет элдик атайын кызматтардын мындай кагаздары оппозициянын колуна түшүүсү дээрлик мүмкүн эмес.