Сөз эркиндиги: жүрүш жана тоскоолдук

Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деп аталган тынчтык жүрүш керней-сурнай тартылып, майрамдык шаң менен башталды. 

Жүрүшкө жүзгө жакын адам катышты. Алар бийликти сөз эркиндигин чектебөөгө үндөгөн жазууларды, шарларды жана желектерди кармап басышты.

Жүрүштүн катышуучулары Бөкөнбаев көчөсүнөн чоң жолго чыгууга аракет кылганда милиция кызматкерлери айрым активисттерди кармап кетти. Жүрүштүн уюштуруучусу, коомдук ишмер Эдил Байсалов иш-чара үчүн мэриядан уруксат алынганын, милициянын кармаганы мыйзамсыз экенин айтууда.

Тынчтык жүрүшүнө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана КСДП фракциясынан Жанар Акаев жалгыз катышты. Акаев жүрүшкө депутат катары эмес, сөз эркиндигине кайдыгер карабаган жаран катары катышканын айтты:

Бишкек милициясы Байтик баатыр көчөсү менен жүрүш жасоого Октябрь райондук соту тыюу салганын, бул чечим башка шаардыктарга тоскоолдук жаратпоо максатында алынганын айтууда.

Кармалган активисттерди Свердлов райсоту бейбаштык, милицияга баш ийбөө беренелери боюнча айыптап, беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарганын эксперт Азамат Аттокуров Фейсбуктагы баракчасына жазды.