Көк бөрү: "Ынтымак" жеңишке жетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нооруз майрамына карата уюштурулган Көк бөрү боюнча Бишкекте жана Ошто өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы финалдык таймашта Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешти. Оюнга берилген негизги убакыт 7:7 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 10 мүнөттө "Ынтымак" командасынын оюнчулары улакты биринчилерден болуп тайказанга салып 7:8 эсебинде жеңишке жетти.