Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Илмиянов таасирлүү федерацияны жетектейт


Көк бөрү
Көк бөрү

Cоңку кезде өтө полуярдуу улуттук спортко айланган Көк бөрү федерациясына жаңы жетекчи шайланды. Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов федерациянын башына келсе, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматын тапшырган.

Байгеси миллион сомду чапчыган, таасирдүү федерацияда жетекчиликтин алмашуусу менен анын ишмердигинде дагы өзгөрүүлөр болору айтылууда.

Федерацияны жетектөөгө эки талапкер – президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен "Республика – Ата Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов катышкан.

1-апрелде өткөн шайлоодо Илмиянов жеңип алды, эми ал федерацияны төрт жыл жетектейт. Буга чейин федерацияны жетектеген депутат Канатбек Исаев мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматын тапшырды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекциясынын жетекчиси Токсонбай Асанов жаңы жетекчи федерациянын алдында турган орчундуу маселелерди атаганын "Азаттык" радиосуна мындайча айтып берди:

- Негизи Көк бөрү федерациясы коомдук уюм. Биз ал сыяктуу уюмдар менен тыгыз иштейбиз. Көк бөрүнүн күйөрмандары аябай көбөйүүдө. Ат майдандарыбыздын болсо абалы начар. Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти шайланган кезде ат майдандар боюнча пикирин айтты. Жеке менчикке өткөн Жалал-Абад, Ош, Каракол шаарларындагы ат майдандары мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Бишкектеги ат майдандын да абалы начар. Өкмөт, президенттик аппарат, Дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте ат майдандардын абалын жакшыртабыз деген ойдобуз. Улуттук оюндарды өнүктүрөлү, анын ичинен көк бөрүгө өзгөчө басым жасайлы. Тыгыз кызматташалы деген пикирин айтты.

Көк бөрү федерациясынын жаңы жетекчиси Икрамжан Илмияновдун өзү менен байланышып, оюн билүүгө мүмкүн болгон жок.

Аткарыла турган иштердин планы федерациянын жакынкы күндөрү өтө турган курултайында белгилүү болорун анын мүчөсү, спорттук журналист Табылды Асыгалиев билдирди.

- Реформа жасай турган иштер көп эле. Ал канчалык деңгээлде ишке ашары белгисиз. Көп жылдан бери такыр эле чемпионат өтпөйт. Аймактарда жөнөкөй турнирлер болуп жатат. Бирок лигаларды түзүп, облустарда биринчиликтерди да өткөрүп туруу керек эле. Алар да ар кандай себептер менен токтоп калды. Облустун чемпиондору Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган республикалык мелдешке катышуусу керек эле. Ушул сыяктуу маселелер арбын. Ошолордун бардыгын жөнгө салуу керек.

Ар бир шайлоо үмүт. Үмүттү аткарабы же аткара албайбы - ал шайланган адамга көз каранды. Бардык иштер жүрө бериши керек. Көк бөрүнүн деңгээли жогорулайт деп ойлойм. Балким деңгээли түшүп да кетиши ыктымал.
Аскар Салымбеков

Миллиондогон сом байге коюлуп, аймактык командалар ат салышкан республикалык мелдештерди уюштурган Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Аскар Салымбеков федерация жетекчилигине капчыктуу, бийликтеги таасирлүү адамдардын келиши кадыресе көрүнүш экенин белгиледи.

-Таасирлүү адамдар федерациянын башында турушу керек. Мелдешти уюштурууда, аттарды мелдеш өткөрө турган аймактарга жеткирүү сыяктуу көп чыгымдар болот. Көк бөрү федерациясынын мүчөлөрү атайын чогулуп шайлап алышса, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ар бир шайлоо үмүт. Үмүттү аткарабы же аткара албайбы - ал шайланган адамга көз каранды. Бардык иштер жүрө бериши керек. Көк бөрүнүн деңгээли жогорулайт деп ойлойм. Балким деңгээли түшүп да кетиши ыктымал. Аны убакыт көрсөтөт.

Көк бөрү федерациясынын президенти төрт жылда бир шайланат. Канатбек Исаевге чейин бул коомдук уюмду Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Шер, Аскар Салымбеков, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жетектеген.

Кыргызстанда Көк бөрү федерациясы 1998-жылы негизделген. Ага чейин көкбөрүчүлөр атайын бир уюмга баш ийип, мелдештерди өткөрүп, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес. 2001-жылы Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрү биригип эл аралык федерация негизделип, өлкөлөр аралык мелдештер уюштурула баштаган. Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы кинорежиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG