Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

"Ынтымак" менен "Достук" күч сынашты


Архив
Архив

Нооруз майрамында Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында улуттук ат оюндары болуп, элдин назары көк бөрү боюнча финалдык таймашка бурулду.

Биринчи орун үчүн Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары ат салышып, ипподромго чогулгандар өз командаларын сүрөөгө алышты. Майрамдык көк бөрү оюну Бишкек менен удаалаш Ош шаарында да өттү.

Ипподромго батпаган көрүүчүлөр

Ат оюндары өткөн "Ак-Кула" ат майданында бут коёрго жер болгон жок. Ипподромго батпаган эл көкбөрүчүлөрдүн аянтын курчап, оюнду көрүү максатында тал-терекке чыгышты. Майрамдык көк бөрүнүн финалдык оюндарында көрүүчүлөр батпай калган учур кийинки жылдары кадыр эсе көрүнүшкө айланды.

Көк бөрү көрүүчүлөрү
Көк бөрү көрүүчүлөрү

Нооруз майрамына арналып өткөрүлгөн Бишкектеги көк бөрү оюнунун тандоо мелдештери 15-мартта башталып, ага Чүй, Талас жана Ош облусунан 12 команда ат салышкан. Финалдык беттешке чейин Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары акыр аягына чейин эч кимге утулбай келишти.

Оюн башталар замат “Достук” командасы мыкты даярдыгын көрсөтүп, биринчи мүнөттө эле Манас Ниязов алгачкы улакты таштап, эсепти ачты.

Андан көп өтпөй Оштун улакчылары эсепти дагы көбөйтүп, 2:0 менен алдыга чыкты. Мындан улам “Ош командасы өтө эле күчтүү окшойт” деген ойлор ипподромду аралаганча, Таластын улакчылары өз жообун берип, алгач эсепти 2:1 кылса, көп узабай “Ынтымак” эсепти теңеди.

"Алтын улак" Таластын багын ачты

Жеңилүү менен оюнду баштаган Таластын улакчылары үчүнчү бөлүк аяктаганда эсепти 7:7 кылып, оюнду кошумча мөөнөткө которду. “Алтын улак” эрежеси боюнча кошумча берилген 10 мүнөттө кайсы команда биринчи тай казанга улакты таштаса, ошол жеңүүчү аталат.

Бул мөөнөттө жеңишти сууруп келүүчү негизги вазыйпа аттарга жүктөлөрү да маалым. Себеби эки команданын тең улакчылары чарчаган соң аттарга үмүт артылат. Бул мүмкүнчүлүктү "Ынтымак" командасынын оюнчулары пайдаланып, атаандаштын тайказанына биринчи болуп улакты салып, 7:8 эсебинде мөөрөйдү илип кетишти.

"Достук" жана "Ынтымак" командаларынын беттешиндеги орчундуу учурлар:

Көк бөрү: "Ынтымак" жеңишке жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

“Достук” командасынын мыкты оюнчусу Аскат Аскаров билдиргендей, акыркы бөлүктө Таластын аттары мыктылыгын көрсөтүп, чечүүчү упайды куржунга сала алышты.

- Таластын аттары күчтүү экен. Биз бул команданы жакшы билчүбүз. Өзүбүз да жакшы эле оюн көрсөттүк. Бир-эки жерден ийгилик колдон чыгып кетти. Ошого карабай кийинки оюндарга даярданабыз, утулуп калганыбыз үчүн чөкпөйбүз, оюнда баары боло берет.

Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн Бишкектеги көк бөрүнүн чемпиону аталган “Ынтымактын” команда капитаны Тынчтык Кабылбеков “Азаттыкка” билдиргендей, команда бир ай мурун эле Бишкекке келип, ошол убакыттан бери үзгүлтүксүз даярдык көрүп келди.

- Биздин демөөрчүбүз колдоп, бир айдан бери Бишкекте машыгууларды улантып жаттык. Турнирдин башында эле чемпион болобуз деген максатыбыз бар болчу, кудай колдоп эми ойлогонубуз ишке ашып отурат. "Достук" командасы чындап эле күчтүү экен, аларды жеңиш биз үчүн оңой болгон жок. Оштун командасы дагы жеңишке татыктуу оюн көрсөттү, бирок ийгилик бизге жылмайды окшойт.

Көк бөрү Ошто да уланды

Нооруз майрамын утурлай көк бөрү оюндары Ош шаарындагы Төлөйкан айылындагы ат майданда да өтүп, финалдык таймашта Ош командасы Ноокат командасын 6:3 эсебинде жеңип алды.

3-орунду Кара-Кулжанын көкбөрүчүлөрү алды. Алар Жалал-Абаддын "Көк-Арт" командасын 6:1 эсебинде уткан. Аталган ат майданда Ош жана Жалал-Абад облустарынан 10 команда биринчилик үчүн күч сынашкан.

Кыз куумай оюну
Кыз куумай оюну

Көк бөрү менен катар ат майдандарда улуттук ат оюндарынын бардык түрлөрү өтүп, көрүүчүлөр ат чабыш боюнча мелдештерди, эр эңиш, кыз куумай өңдүү оюндарга күбө болушту.

Мелдештерди уюштурууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 3 миллион 750 миң сом сарпталган. Анын 300 миңи Ош облусундагы көк бөрү оюнунун байге фондуна бөлүндү. Ал эми Бишкектеги оюндардын байге фонду 1 миллион 30 миң сомду түздү.

Бишкектеги көк бөрү мелдештеринин жыйынтыгында 1-орунга 350 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом жана 4-орунга 75 миң сом берилди. Жалпы 12-орунга чейин акчалай байге тапшырылды.

Байге фондунун 700 миң сомун президент, 330 миң сом Көк бөрү федерациясы берген. Жеңүүчү командага акчалай сыйлыктын сертификатын президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, парламент депутаты Канат Исаев тапшырды. ​

Нооруз-2017. Көкбөрү. Финал: Достук (Ош) - Ынтымак (Талас) 7:8. (Оюндун толук чыгарылышы).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG