Өмүрбек Текебаев камактан чыккан жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

29-мартта Жогорку Сотто “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын доо арызы каралды. Жогорку Соттун маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, адвокаттардын даттануу арызынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартып, камактагы депутаттын баш коргоо чарасын караган жок. Текебаев 25-апрелге чейин камакта калат.