Ат-Башы: айылдыктар жол азабынан кыйналды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында жаздын келиши менен кар астында катылып жаткан жолдун аң-дөңү ачыкка чыкты. Айылдар ортосундагы мындай жолдордун акыбалы кишинин зээнин кейиткен абалга кептелип, жүргүчүлөрдү жүдөтүүдө. Ал эми жергиликтүү бийлик иш акырындап жылып жатканын, жолдор кезек-кезеги менен оңдолорун убада кылууда.