Орусияда 23 жаштагы кыргызстандык мигрант изделүүдө

Нурбек Абдуллаев аттуу жарандын 5-апрелден бери дайыны билинбей жатканын апасы, Сузак районун Бек-Абад айылынын тургуну Замира Абдиллаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, баласы 5-апрелге караган түнү Санкт-Петербург-Москва багытындагы поездге отурган деген маалымат бар. Таанышы аны ошол түнү темир жол вокзалына жеткиргенин кабарлаган. 

Жакындары Санкт-Петербургдун полициясына кайрылып, издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

3-апрелде Санкт-Петербург шаарынын метросундагы ондон ашык адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин орус бийлиги борборазиялык мигранттарды тыкыр текшерүүгө алган.  Теракт уюштурган жанкечти Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов шектелүүдө. (NT)