Жыргалаңдагы кенчилер аман табылды

Шахта ичинен аман чыккан жумушчуларды жакындары тосуп алууда. 

Шахтада уранды басып калды деп божомолдонуп жаткан эки адамды издөө-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү элден ыктыярчылар жана аймактагы күч кызматкерлери, жалпысы болуп 250гө чукул киши тартылган. Кумтөр алтын кенинен атайын насостор алынып келинген.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоровдун жетекчилиги менен атайын оперативдүү штаб түзүлгөн.

22-апрелде 17:30 чамасында “Дөргө көмүр” көмүр казуу ишканасы жардыруу иш-чараларын жүргүзгөн, натыйжада эски чуңкурда топтолуп турган суу жаңыдан казылып жаткан өтмөккө куюлуп, иштеп жаткан Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматовдун дайыны жок болуп жаткан. 

Куткаруу иштерине жергиликтүү тургундар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана облустук ишканалардын кызматкерлери тартылган.

Кырсык болгон жерде "Жыргалаң-Дорго көмүр" ишканасы көмүр казып жаткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Жыргалаң көмүр кениндеги кырсыкка техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы себеп болушу ыктымал.