Өзгөндөгү каргаша

Жети үйдөгү болжол менен 24 адам көчкү астында калган.

Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн метр кубду түзгөн.

Кырсык болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, министрдин орун басары Равшан Рысбаев баш болгон 100дөн ашуун куткаруучу жүрөт.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү Аюу айылында жер көчкү кесепетинен жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Аюу айылы

Айыл тургундарынын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришинче, бир үй-бүлө кооптуу жердеги үйүн бүтүп, көчүп барганына 10 күн гана болгон.

ӨКМ министри Кубатбек Боронов аталган айылдагы кооптуу жерде турган 30 үй-бүлө башка жерлерге көчүрүлөрүн билдирди.

Кырсык болгон жерге Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев барды.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө жарлык даярдалып жатканы кабарланды. Кайсы күн экени азырынча белгисиз.

Kyrgyzstan Ozgon Landslide Buries Houses and Families in the village of Aiu April 29, 2017

Бүгүн эртең менен 6:40 чамасында Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, жети үйдү басып калды.