Өзгөн: көчкүдө калгандарды издөө

Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган эки кыздын сөөгү 30-апрелде түш ченде табылды. Бул тууралуу кырсык болгон жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, алар айыл тургуну Абдисалам Ризабаевдин он эки (Маманова Адина) жана эки жаштагы (Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна) кыздарынын сөөктөрү экени аныкталды. Ал эми кечки саат беш жарымдарда 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги кабарлады. 

Көчкү алдында калгандардын такталган тизмеси:
1.Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич 16.02.1978-жылы туулган,
2.Юсупахунова Зилола Азизовна 30.06.1980-жылы туулган,
3. Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович 25.12.2000-жылы туулган,
4. Назирбаева Азиза Икрамжановна 04.04.2003-жылы туулган,
5. Назирбаева Умида Икрамжановна14.04.2007-жылы туулган,
6. Назирбаева Алмазбек Икрамжанович 18.04.2013-жылы туулган,
7. Коргонбаев Маматали 26.05.1968-жылы туулган,
8. Назирбаева Гулайим Маматалиевна 01.09.1997-жылы туулган,
9. Разабаев Хабибилла 10.01.1933-жылы туулган,
10. Разабаева Арзы 10.04.1939-жылы туулган,

11.Разабаева Мехринса Хабибиллаевна 1979-жылы туулган,
12. Каримов Мухаммед 2015-жылы туулган,
13. Хабибиллаев Захид Шерниязович 13.01.2000-жылы туулган,
14. Ибрагим уулу Дилшодбек 13.04.2000-жылы туулган,
15. Разабаев Абдисалом Хабибиллаевич 12.07.1970м
16. Маманова Нигорахон Мамажановна 05.07.1975-жылы туулган,
17. Маманова Адина 2005-жылы туулган (сөөгү табылды),
18. Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна 2015-жылы туулган (сөөгү табылды),
19. Адыразакова Рахима 27.10.1967-жылы туулган,
20. Камчиев Фарух 11.12.1988-жылы туулган,
21.Шермамат кызы Хамдона 07.01.1993-жылы туулган,

22. Артыкбаева Ситора Фаруховна 28.09.2016-жылы туулган,
23.Артыкбай уулу Ориф 12.03.2003-жылы туулган,
24. Артыкбаева Хилола Фарезовна 03.11.2013-жылы туулган.

Учурда жер көчкү басып калган башка адамдарды да издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Издөө иштерине 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам тартылган.
 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бул жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактардын тизмесинде болгон. Акыркы жолу ушул жылдын 28-мартында анда жашагандарга башка коопсуз жакка көчүү тууралуу эскертүү берилген. Ошондой эле 2003-жылы бул жердеги үч үй-бүлөгө башка жерге үй салууга үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда берилгени айтылууда. Көчкү алдында калган төрт үй болсо, алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз салынган.