Акыйкатчы аскерлердин укуктары боюнча парламентте баяндама жасайт

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде аскерлердин укуктарын сактоо жаатында баяндама жасайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, омбудсмендин баяндамасы эки багытта даярдалган. Биринчиси - "Аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоо", экинчиси - "Адамдардын аскердик милдетке чакыруу убагындагы укуктарын сактоо" деп аталат.

Жыйынга Башкы штабдын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мирбек Касымкулов чакырылган.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө быйыл 25 жыл толот. Дээрлик жыл сайын катталган жоокерлердин өлүмүнөн улам, укук коргоочулар буга чейин бир канча жолу армиядагы зордук-зомбулукту жөнгө салуу маселесин көтөрүшкөн.

Эл аралык Global Firepower аскерий-аналитикалык порталынын армиялардын кудурети боюнча чыгарган рейтингинде быйыл Кыргызстан 126 мамлекет ичинен 78-орунду ээледи. (SE)