Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Кыргыз армиясы өзгөрүүгө бет алды


9-май, 2015-жыл
9-май, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев 25-январда “Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Башкы штабга караштуу Кургактагы аскерлер түзүлдү жана Улуттук гвардия дагы штабга кошулду. Аскер жетекчилери мындай өзгөрүүлөрдөн кийин армияны башкаруу кыйла тартипке салынарын айтып жатат.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 2014-жылдын башында түзүлгөн эле. Ага Коргоо министрлигинен сырткары Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлери бириктирилген. Эми президенттин жарлыгы менен штабдын түзүмүнө дагы өзгөртүү кирди. Ага Улуттук гвардия да кошулду жана Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлери түзүлдү.

Башкы штабдын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев бул өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Башкы максат ыкчам, азыркы коркунучтардын мизин кайтарган, кийими бүтүн, курсагы ток армияга айлантуу экенин айтты:

- Башкы штабдын курамына кирген Улуттук гвардия, Кургактагы аскерлер, Абадагы чабуулдан коргоо күчтөрүн Коргоо боюнча мамлекеттик комитет бардык жактан камсыздайт. Кийимин кийгизет, тамак-аш менен камсыздайт, үй-жайын чечип берет, бардыгы ошол комитеттин моюнунда болот. Ошол түзүмдөр мен жоокерлеримди кантип кийинтем, ичинтем деп башы да оорубашы керек. Бул түзүмдөр өздөрүнө жүктөлгөн милдетти гана аткарууну ойлонушу керек. Башкы штабда түзүлгөн жаңы бөлүмдөрдө башкаруу органдары, аппараты ыкчам иштегенге өтөт жана саны да көп болбойт. Андагы бири-бирин кайталаган бөлүмдөрү жоюлат. Бирок өз алдынча чечим кабыл алган, ошол эле учурда бир чечимди, бир буйрукту аткара турган органдар түзүлдү. Кыргызстандагы аскер бөлүктөрдүн бардыгы кургактагы аскерлерге баш ийип калды. Баары бир жерден башкарылат. Эми баары орду-ордуна коюлду. Азыр дүйнөдө теракт, экстремизм, сепаратизм өңдүү коркунучтар болуп жатат. Бизге ушундай коркунучтарга жоп бере алган аскерлер керек. Ошондуктан кереги жок эле штаттар болбошу керек. Мисалы, Улуттук гвардия өзүнчө болуп турганда анда аппаратында чоң, жетекчилери көп болчу. Эми ошонун баары кыскарды.

Аскерге барбагандарды "аркандоо" сунушталды

Аскерге барбагандарды "аркандоо" сунушталды

Мамлекеттик коргоо комитети аскерге барбай жүргөн аскер курагындагы жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү демилгесин көтөрдү.

Раимберди Дүйшөмбиев армияны каржылоо, аскердик техника менен камсыздоо иштери дагы жөнгө салынып калды деп ишендирди.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев соңку өзгөрүүлөрдү реформанын маанилүү этабы катары сыпаттады:

- Биз акыркы жылдары Орусиядан, АКШдан, дагы башка өлкөлөрдөн келген жардамдын негизинде Куралдуу күчтөрүбүз мурдагыга караганда кыйла ирденип калды. Курал-жарагыбыз, техникабыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз бир топ жакшырды. Ошондуктан багыт-багыты боюнча өзүнчө бөлүмдөрдү түзүү башкарууга жакшы өбөлгө түзөт.

Анткен менен Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын жакшыртуу жагы аксап жатат деген пикирде:

- Азыр эми негизинен уюштуруу, башкаруу жагынан эле өзгөртүү киргизип жатышат. Кайсы бир бөлүктөрдү түзүп, өзгөртүү бул деле керек. Бирок жаңы курамдагы армия пайда болгон жок да, аларды башкаруу гана өзгөрүп жатат. Бирок реформанын өзөгүн Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын күчөтүү болушу керек. Бул негизи көп каражатты талап кылат. Ар бир жоокерден баштап анын жетекчисине чейин өзүнө коюлган милдетти аткарышы керек, ошого тынбай машыгышы керек. Танкисттер танк айдашы керек, танктан атып машыгышы керек дегендей. Күжүрмөн даярдык жактан аксап жатабыз.

"Жоокерлердин укугу кимди кызыктырат?"

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Куралдуу күчтөрдөгү өзгөрүүлөр коомчулукка түшүнүксүз болуп жатканына, өзгөрүү болгонго чейин анын маани-маңызы тууралуу түшүндүрмө берилбегенине токтолду:

- Куралдуу күчтөр жабык система экенин түшүнөм. Бирок биз канча курал-жарак, аскердик жабдуу бар деп сураган жокпуз да. Биздин армия жалданма армия эмес да, ал жакта биздин карапайым жарандардын балдары барып кызмат кылат. Анан кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизгенде жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгы дагы эске алынышы керек. Өзгөрүүлөр балдарыңарга ушундай жактан таасир этет деп айтылышы керек. Мен, мисалы, адам укугу менен иштегенден кийин мени биринчи кезекте жоокерлердин укугун коргоо ушул өзгөрүүлөрдөн жакшырабы, кандай таасир этет деген суроолор кызыктырат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө быйыл 25 жыл толот. Эгемендиктин алгачкы жылдарында өлкөгө армиянын кереги жок деген мазмундагы сөздөр да айтылган. Бирок 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин жогорку бийлик өкүлдөрү мындай саясаттын туура эмес экенин мойнуна алган. Армиядагы зордук-зомбулук, жоокерлер өлүмү чекке жеткен учурлар да катталган.

Президент Алмазбек Атамбаев мындан эки жыл мурун Куралдуу күчтөргө көбүрөөк көңүл бурула баштайт деп ишендирген:

- Биз өз армиясын бага албагандар, өз аскерин батырбагандар башка бирөөнүн аскерин багып калышы ыктымалдыгын унутпашыбыз керек. Мамлекет өз Куралдуу күчтөрүнөн, армиясынан эч качан каражат аябашы керек. Бюлджет тартыш деген өңдүү шылтоолорду издебеши керек.

Былтыр Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген. Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду алган. Кыргызстан андан бир жыл мурун эле 78-тепкичте турган.

Уюмдун эсебинде, кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG