Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

"Эркетайлар" аскерге бара баштады


Кыргыз армиясы, 2012-жыл.
Кыргыз армиясы, 2012-жыл.

Коргоо министрлиги кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин балдары жана улуттук азчылык өкүлдөрү көбөйгөнүн билдирди.

Апрель-июнь айларында өткөн жазгы чакырыктын жыйынтыгы менен быйыл кыргыз армиясына 3 миңге жакын улан тартылган. Чакырылгандардын арасында экс-депутат Камчыбек Ташиев сыяктуу саясатчылардын, бир катар аткаминерлердин уулдары да бар. Мындай маалыматты Генералдык штабдын башкы мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы Арстан Керималиев билдирди. Анын ырасташынча, буга чейин чоңдордун балдары мекен алдындагы аскердик милдетин аткарчу эмес.

- 2014-жылдагы аскерге чакырууда ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын, аскер кызматчылардын балдары жөнөтүлдү. Маселен, Исфана шаарынын мэринин, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин баласы кызмат өтөп жатат. Мындан тышкары жогорку аскердик кызматта иштегендер да өздөрү баш болуп балдарын аскерге жөнөтүүдө.

Керималиев кошумчалагандай, мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин балдарынын армияга болгон кызыгуусу президенттин былтыр чыгарган жарлыгынан кийин күчөгөн. Аталган жарлыкта аскерге барбагандар мамлекеттик кызматтарга алынбай тургандыгы жазылган.

“Эркетайлардын” аскерге барышы популизмби?

Деген менен коомчулукта аткаминерлер “эркетайларын” саясий упай топтоо максатында гана армияга жиберет деген пикирлер басымдуу. Арасында муну жакшы саамалык катары баалап, армия бир гана кедей-кембагалдардын балдары үчүн эместигин эске салгандар да жок эмес. Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев саясатчылардын балдарын армияга жөнөтүшүн алдыдагы шайлоолор менен байланыштырды.

- Акимдер, губернаторлор, министрлер балдарын өз аброюн көтөрүү үчүн балдарын армияга жөнөтүп коюп, мына балам өз эрки менен кызмат өтөп жатат деп бир далайга сөз кылат. Мына шайлоо да жакындап калды. Болбосо аскерге барып, мекенге кызмат кылуу ар бир эркектин милдети да. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Алар катардагы бөлүктөрдө кызмат өтөшпөйт, түз эле Улуттук гвардияга же башка элиталык бөлүктөргө барышат.

Какчекеев айтып жаткан кыргыз армиясындагы элиталык бөлүк саналган Улуттук гвардияда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан да кызмат өтөгөн. Жапаров бул саамалыкты эл өкүлдөрүнүн ичинен биринчилерден болуп баштаган. Дастан мекен алдында атасы үчүн эмес, өз каалоосу менен кызмат өтөгөнүн айтат.

- Мен мурдатан эле армияга барам деп жүрчүмүн. Атам да көп айтчу. Бирок бул жерде эч кандай популизм жок. Окуумдан академиялык тыныгуу алып, жигиттик милдетимди аткарып келдим.

Президент Алмазбек Атамбаев да армия жөнүндө сөз болгондо учурда Түркияда окуп жаткан баласы мекенине кайтаары менен аскерге жөнөтөрүн жар салып келет.

"Мыйзам баарына бирдей..."

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев уулу Таймурас өз эрки менен Оштогу бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жатканын айтат. Ал уландар ата-энесинин жана улутунун ким экендигине карабай мекен алдында ак кызмат өтөөгө милдеттүү деп билет.

- Менин балам Ошто кызмат өтөп жатат. 3 айдан ашып калды, бирок барып кабар ала элекмин. Өз каалоосу менен Орусиядагы окуусун токтотуп коюп аскерге кетти. Мыйзам баары үчүн бирдей болушу керек.

Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл чакырылган 3 миң жоокердин арасында 100 өзбек, 40 орус, 30 тажик, 20 дунган жана 10 түрк улутунун өкүлдөрү бар. Анткен менен кыргыз армиясы бир улуттуу деп сындагандар четтен чыгат.

Адистердин айтымында, уландардын аскердик кызматтан качышына ал жактагы чоңсунуу жана мекенчилдик сезимдин аздыгы себеп. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, аскердик билетти оңой жол менен алууну каалагандар же саламаттыгы начарлар 25 миң сом төлөп альтернативдик негизде кызмат өтөсө болот. Келишимдик негизде кызмат өтөө мөөнөтү 1 жыл.

XS
SM
MD
LG