Ошто террорчулукка каршы акция өтүп жатат

Ош шаарында миңге чукул адам террорчулукка каршы жөө жүрүшкө чыгышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шаардагы өздөрү жашаган көчөлөрдөн чогулуп, башкы аянтка чейин басышат. Ал жерде террорчулуктун кесепеттери тууралуу баяндар жасалат. Жөө жүрүштү Ош шаарындагы аймактык кеңештер уюштурган. Ага социалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жаштар катышууда.

Акция "Биз террорчулукка жана экстремизмге каршыбыз!", "Жаштар ынтымактуу Кыргызстанда жашайт!" деген ураандар менен өтүүдө.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ирак жана Сириядагы диний радикал согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун.

Кыргызстандын абактарында экстремизм жана террорчулукка айыпталган 185 киши отурат. Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 3-апрелдеги ондон ашык адамдын өмүрүн алган жардырууга шектелгендердин арасында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын да аты аталган. ​(NT/YI)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Биз терроризмге каршыбыз"