Чоң-Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титиреди

Чоң-Алай.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн саат 12:57де Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө катталган. Анын очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болуп, күчү 4 баллды түздү. Силкинүү Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 балл, Карамык айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

3-майдан бери бир сутка ичинде кыргыз-тажик чек арасында ушуну менен жетинчи жолу жер силкинди, алардын бири жети баллга чейин жеткен. (NT)