Зоопарктан чыгып кеткен бөлтүрүк жок кылынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Караколдо зоопарктан чыгып кеткен карышкырдын бир жашар бөлтүрүгү жок кылынды, шаар тургундарына коркунуч жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди. Анын белгилешинче, карышкыр кармалчу торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткен, бөлтүрүк ошол жерден чыккан.