Аксыда Кербен-Авлетим жолу жер көчкүдөн тазаланды

Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкөн аймак.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жолдун 18-19-чакырымында, Мукур айылынын Долон-Булак участкасында катуу жааган жаандын кесепетинен 16-майдын түнү жер көчкү жүргөн. Анын көлөмү болжол менен 900 метр кубду түзгөн. 17-майга караган түнү көчкү тазаланып, жол ачылган. 

Жаан-чачындын көп болгонуна байланыштуу Кыргызстанда жер көчкү, сел, суу ташкындоо коркунучтары сакталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндүктөн 79 үйгө кооптуулук жаралып, 13-майдан тарта Авлетим айыл аймагына өзгөчө абал киргизилген. (NT)​