Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Аксынын Авлетим айылына өзгөчө абал киргизилди


Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы.
Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айыл аймагына кечээтен тарта өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдирүүсүндө, аймактагы Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндүктөн 79 үйгө кооптуулук жараткан.

Дарыянын 2,5 чакырым аралыгында 17 жерден суу каптоо коркунучу орун алгандыктан учурда 15 турак жайдагы үй-бүлө убактылуу башка жакка көчүрүлдү. Мындан сырткары Ала-Бука районундагы Чанач-Сай, Чаткал районунун Терек-Сай, Аксыдагы Падыша-Ата дарыяларында суу кирип жатат. (RsK/KE)

XS
SM
MD
LG