Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча жыйын өтүүдө

Бишкектеги жыйындын катышуучулары. 1-июль, 2017-жыл.

Уюштуруучулар элдик курултай деп атаган иш-чарага 700дөн ашык адам келгени айтылды. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкерлиги көрсөтүлөрү маалым болду.

Иш-чарага Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Үсөн Сыдыков, Феликс Кулов, Абдыганы Эркебаев, Курманбек Осмонов, Абдрахман Маматалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлер, Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаттары, Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов катышууда.

Иш-чараны Элдик курултайдын демилгелүү тобунун жетекчиси катары мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов ачты. Ал курултай өткөрүү демилгесин жер-жерлердеги активисттер көтөргөнүн билдирди.

Демилгечилер катары Алтай Бөрүбаев, Ташболот Балтабаев, Каныбек Осмоналиев, Гулнара Асымбекова, Махмуд Кучуков жана башкаларды атады. Жумагулов президенттикке таза, адилет адам келиши керектигин айтып, мындай адамдардын бири деп Өмүрбек Бабановду атады. Элдик курултайдын атынан Бабановдун талапкерлигин талапкер катары көрсөтүүгө чакырды.

Жыйын Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Бабановдун эмне себептен элдик курултай аркылуу президенттикке көрсөтүлөрү азырынча айтыла элек.

Ушул кезге чейин 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөн он бир адам БШКга арыз берген. (BkA)