Польшалык кыз милициядан арызын кайтарып алды

Агнешка Квецен.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында англис тили боюнча ыктыярчы болуп иштеп жаткан Польша жараны, 24 жаштагы Агнешка Квецен (Agnieszka Kwiecień) милициядан өз арызын кайтарып алды.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Поляк кыз 25-июлда жергиликтүүлөр сексуалдык мүнөздө уурдаганга аракет кылган деп милицияга арыз менен кайрылган.

Бүгүн тек гана тараптардын ортосунда тил билбегендиктен түшүнбөстүк чыкканы белгилүү болгонун жергиликтүү ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты. (NT)