Сары-Челектин тагдыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дениз денгээлинен 1900 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү кайталангыс табияты жана Кыргызстандын кызыл китебине кирген жаныбарлары үчүн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген. Бирок, биосфералык коруктардын эл аралык тармагына кирген коруктун ажайып жаратылышын көздүн карегиндей сактоо бүгүнкү күндүн башкы көйгөй. Корукту караган жамаат бул милдетти кандай аткарып жаткандыгына жергиликтүү кабарчыбыз Руслан Калматов кызыккан.