Кыргыз-өзбек президенттери чек ара келишимине кол коет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

5-6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Ал президент Алмазбек Атамбаев, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өкмөт башчы Сапар Исаков менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Мамлекет башчы менен болгон жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу 4-сентябрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева брифингде билдирди.