Бишкекте өзбек сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

“Өзбекстандын жүзү: тарых жана азыркы заман” деп аталган сүрөт көргөзмөсү 6-октябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде ачылат. 

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, көргөзмө Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулууда.

6-7-октябрда Бишкек жана Ош шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. (NT)