Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Президенттикке ат салышууга жалпысынан 59 адам арыз берген, БШК анын 13үн каттаган. Талапкерлер 10-сентябрдан 13-октябрга чейин үгүт иштерин жүргүздү.

Талапкерлердин бюллетенде жайгашкан номурлары:

№1 - Эрнис Зарлыков;

№2 - Токтайым Үмөталиева;

№3 - Темир Сариев;

№4 - Улукбек Кочкоров;

№5 - Таалатбек Масадыков;

№6 - Өмүрбек Бабанов;

№7 - Арстанбек Абдылдаев;

№8 - Азимбек Бекназаров;

№9 - Сооронбай Жээнбеков;

№10 - Адахан Мадумаров;

№11 - Камчыбек Ташиев;

№12 - Арстанбек Малиев;

№13 - Бакыт Төрөбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу ыкчам маалымат берүү жана мыйзам бузууларга чара көрүү боюнча атайын координациялык топ түздү. Ошондой эле мыйзам бузууларды маалымдоо үчүн 1255 номерлүү түз байланыш телефону ачылды.

Президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен чогуу Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан №1209 шайлоо участогуна келип добуш берди. Атамбаев Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берди.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков утушка жетсе, Кыргызстандын азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин реформалык багытын улантат. Бул тууралуу ал бүгүн добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Турсунбеков Кыргызстандын акылман калкы алдыңкы алты жылдык келечегин өзү тандап, татыктуу талапкерди шайлап аларына ишенерин билдирди:

- Бүгүн мен өлкөгө тынчтык жана туруктуулук тилеп, башкысы Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланса деген үмүт менен шайлоодо добуш бердим.

Жогорку Кеңештин төрагасы Социал-демократтар партиясынын мүчөсү. Спикерликке чейин парламентте аталган фракцияны жетектеп турган.

Шайлоодо добуш бергендердин 50 пайыздан көбү колдогон талапкер президент болуп шайланат. Биринчи айлампада эч бир талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албаса, анда экинчи айлампа болот.

Президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева добуш берип жатат. 

Талапкер Өмүрбек Бабанов жубайы менен Бишкектеги №70 мектеп гимназияда жайгашкан №1216 шайлоо участогунда добуш берди. Аны менен добушканага кызы да келди. Бабанов добуш бергенден кийин кыска билдирүү жасап, журналисттер менен маектешти. 

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Учурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрда аяктайт.

Ички иштер министрлиги шайлоого карата 12-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев добуш берүү күнү 10 миңден ашуун милиция кызматкери жана 12 миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуун коомдук тартипти камсыздай турганын кабарлады.