Программисттен малчылыкка өткөн Замира

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Замира айылдык жөнөкөй кыз. Бирок, ал алты жыл окуган келечектүү программист кесибин өз каалоосу менен малчылыкка алмаштырып, ат жалында жигиттерден кем калышпай ойногону көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Ал учурда атасынан калган мал жандыктарын карап, очогун өчүрбөй улантуунун аракетинде.