Акин Токталиев: Милиция Чубак ажыны суракка алды

Бишкек шаардык милициясы мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловду алты саат суракка алды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, милиция Чубак ажыны Ысык-Көлдө дарыланып жүргөн жеринен алып келген.

- Бишкек милициясы Чубак ажыны кечээ, 2-декабрда эртең мененки 9дан 3кө чейин менин катышуумда суракка алды. Милиция аны Ысык-Көлдө санаторийде дарыланып жүргөн жеринен Бишкекке чейин коштоп алып келди, - деди Токталиев.

Адвокат кошумчалагандай, Жалилов үч-төрт күн мурда Алматыга дарыланууга баратканда чек ара кызматкерлери “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен өткөрбөй коюшкан. Чек арачылар муну анын милициянын издөөсүндө экени менен түшүндүрүшкөн.

Бишкек милициясы бул маалыматты ырастай элек.

Чубак ажы Жалилов өткөн жумада экинчи аял алганы тууралуу видео тараткан. Ал: "Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм" деп жарыялаган.

Анын бул айткандарына Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар реакция жасап, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.