​Түркияда Айтматовдун алгачкы айкели ачылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Түркиянын бир канча шаарында маданий иш-чаралар жана симпозиумдар болуп өттү. Алардын негизгиси Стамбул шаарындагы жазуучунун айкелинин ачылыш аземи болду. Эстелик шаардын Малтепе аймагындагы сейил паркында орнотулуп, ал паркка дагы Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен тургузулган айкелдин ачылышына жергиликтүү бийликтин, Кыргызстандын башкы консулдугунун өкүлдөрү, жазуучунун уулу Аскар Айтматов, кыргызстандык студенттер жана жергиликтүү калк катышты.