НТС каналына сот аткаруучулар барды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

НТС каналына 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар кирип келип, имаратты жабууну талап кылышты. НТСтин жетекчилиги бүгүнкү окуяны телеканалды жабуу аракети катары баалады. Телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулунун сөзү боюнча, район аралык соттун аныктамасында телеканалдын бардык мүлкү камакка алынганы, анын ичинде имарат, жабдыктар жана радиожыштыктар да бар экени көрсөтүлгөн.