Баткен: ашар менен салынган канал

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургундары ашар жолу менен сугат каналын куруп жатышат. Курулушу 10 жыл мурун башталган бул канал каржынын жоктугунан бүтпөй келген. Жергиликтүү элдин жети чакырымдан ашык жерден суу тартып келүү үчүн канал куруу демилгесин кореялык “Жаңы айыл кыймылы” долбоору колдоп, керектүү курулуш материалдарын берди.