Украинанын чыгышында дагы бир жоокер мерт болду

Украин жоокерлери өлкө чыгышында.

Украинанын чыгышында соңку 24 саат ичинде болгон куралдуу кармаштан бир жоокер мерт болуп, төртөө жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги 12-январда билдирип, окуя боюнча орусиячыл жикчилдерди айыптады.

Министрлик өз билдирүүсүндө жикчилдер акыркы күндөрү ок атышпоо келишимин кеминде тогуз жолу бузганын, алар пулемёт, гранатомёт жана миномёттордон ок чыгарышканын белгиледи.

Андан бир күн мурда Украинанын дагы үч аскери жикчилдердин артиллериялык аткылоосунан каза тапканы кабарланган.

Украинанын чыгышындагы жикчилдер болсо соңку бир сутка ичинде ок атышпоо келишимин 14 жолу бузду деп кайра украин күчтөрүн айыпташты.

Бул аймакта 2014-жылдын апрель айынан берки куралдуу кармаштар баш-аягы 10 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.