Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Украинанын чыгышында үч аскер өлтүрүлдү


Украин жоокерлери өлкө чыгышында.
Украин жоокерлери өлкө чыгышында.

Украин армиясы соңку 24 саатта өлкө чыгышындагы кармашта үч жоокери өлтүрүлүп, төртөө жарадар болгонун билдирди.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Орусия колдогон жикчилдер ок атышпоо боюнча тартипти жети жолу бузуп, пулемет, гранатомет жана минометтор менен аткылашканы айтылат.

Ал ортодо жикчилдер болсо украин армиясынын огунан эки карапайым тургундун өмүрү кыйылганын маалымдады.

2014-жылдын апрелинен бери Донецк жана Луганск аймактарында украин армиясы менен Москва колдогон жикчилердин кармашынан 10 миңден ашуун киши өлтүрүлдү.

2014 жана 2015-жылкы Минск келишиминде каралган ок атышпоо тууралуу макулдашуу сакталган жок. Ок атышпоо боюнча жаңы макулдашуу өткөн жылдын 23-декабрында күчүнө киргени менен эки тарап тең аны бузганы үчүн бири-бирин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG