Окуу жылынын башталышын ата-энелер чечет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда мектептерде окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 10-сентябрда башташы мүмкүн. Парламент депутаттары менен эксперттер мындай өзгөртүүнү бир нече жолу сунуш кылышкан. Билим берүү жана илим министрлиги адегенде демилгеге макул болбогону менен, кийин иликтеп көрүп, көйгөй жарата турган жагдай жок деген бүтүмгө келип, ата-энелердин пикирин билүү үчүн талкууга чыгарды.