Ош базарында өрт чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өрт Ош базарындагы "Сейтек" дүкөнүнөн чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришти. ӨКМ өрттү өчүрүүгө беш топ тартылганын кабарлады. Тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 10го чукул келип, өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу 9:48де чыгып кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.