Жээнбеков: Мискенбаев чагымчы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламенттеги КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, 31-мартка белгиленген партиянын курултайын талкуулады. Бул тууралуу фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди. Айрым маалымат каражаттары фракция жыйынында Асылбек Жээнбековду мандаттан ажыратуу маселеси каралаарын жазышкан. Муну Жээнбеков өзү да төгүндөп, мандаттан аны шайлаган эл гана ажыратарын айтты. Ал мандат маселесин көтөргөн экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди "чагымчы" деп атады.