Өкмөт аппаратынын жаңы жетекчиси жана юстиция министри дайындалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мурат Мукамбетов Кыргызстандын өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону расмий кабарланды. 

Өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ишиндеги чекилик үчүн кызматтан алуу жөнүндө премьер-министр Сапар Исаков президентке быйыл 12-мартта сунуш киргизген. 

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Мурдагы министр Уран Ахметов өз ыктыяры менен апрелдин башында кызматтан кеткен. (SE)