RSF: Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тогуз тепкичке ылдыйлады

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун 2017-жылдагы сөз эркиндигинин индекси.

25-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада "журналисттердин ишине жолтоо болгон саясий лидерлер демократияга кедергисин тийгизүүдө" деп айтылат.

Уюмдун башчысы Кристофер Дилоер "Рейтерс" агенттиги менен болгон маегинде Филиппинди, Индияны жана Кошмо Штаттарды мисал кылды. Баяндамада ошондой эле бул багытта кырдаал Европада да начарлап кеткени белгиленет. Февралда Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куциак окко учса, өткөн жылдын күзүндө Мальтада коррупцияга каршы блогдору менен белгилүү Дафна Каруана Галиция киши колдуу болгон.

Уюмдун тизмесинде Орусия үч жыл катары менен 148-орунда турат. Алдыңкы үч орунда Норвегия, Швеция жана Голландия. Ал эми 180 мамлекеттин ичинен эң акыркы орунду Түндүк Корея ээледи.

Кыргызстан бул тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98 орунга түштү. Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.