Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

"Freedom House": 2017-жылы Кыргызстанда демократия начарлады


27-февраль, 2017-жыл.
27-февраль, 2017-жыл.

Өлкөдөгү демократиянын көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ал 6,07 упайды түзгөн. Кыргызстан "авторитардык режимдеги" өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Бул тууралуу адам укуктарын коргоочу "Freedom House" уюмунун "Өткөөл мезгил өлкөлөрү - 2018" деген баяндамасында айтылат.

Баяндамада камтылган 29 өлкөнүн ар бирине жети упайлык шкала менен баа берилген. Бир упай алган өлкөлөр - адам укуктары, демократиялык башкаруу, шайлоо, сөз эркиндиги, жарандык коом жана башка маселелер жагынан абалы мыкты болгон өлкөлөр.

"2017-жыл Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү туруктуу болгон жок. Бир жагынан өлкөдө бийлик тынч жол менен алмашты. Шайлоого талапкерлер көп катышканы менен, добуш берүүгө чейин эле анын жыйынтыгы белгилүү болгон. Экинчи жагынан, саясий атаандаштарды жана сын-пикир ээлерин басыш үчүн мамлекеттик ресурстар колдонулушу саясий элитанын калыс шайлоого даярдыгы жоктугун көрсөттү" деп белгиленет баяндамада.

Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы 6 упайдан 6,25 упайга төмөндөгөнү белгиленген.

Баяндаманын авторлору парламенттин 30% ээлеген Кыргызстан социал-демократтар партиясы саясий жараяндардын баарын өз көзөмөлүнө алганы президенттик шайлоодо административдик басым колдонулганы байкалганын белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG