Кабулдагы кош жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” жоопкерчилик алды

Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнүн "Амак" үгүт агенттиги аркылуу Ооганстандын борбору Кабулдагы кол салууну уюштурганын моюнга алды.

Кабулда 30-апрелде эртең менен болгон эки жардыруудан 20дан ашык киши көз жумган.

Курмандыктардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган редакциясынын эки журналисти бар. Маркумдардын бири Абдулла Хананзай оператор болуп иштеген. Сабавун Какар көбүнчө радикалдуу исламчылардын кол салуулары болгон жерде материалдарды даярдап турган.

Теракттын дагы бир курмандыгы Мухаррам Дуррани “Азаттыктын” ооган кызматында 15-майдан тартып ишин баштамак. Аялдарга арналган берүүлөрдү даярдаган Маххарам Кабулдагы университетте окуган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент маркумдардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Террордук чабуулда 50дөй киши жарадар болду.

Ооган бийлигинин маалыматына караганда, мотоцикл минген жанкечти атайын кызматтын кеңсеси жайгашкан имараттын жанында өзүн-өзү жардырып жиберген. 20 мүнөттөн кийин журналисттер кол салууну чагылдырууга чогулган жерде экинчи бомба жарылган.