Арменияда Пашинян премьер-министрликке шайланды

Еревандын Республика аянтына чогулгандар шайлоо жыйынтыгы билингенден кийин. 8-май, 2018-жыл.

Армян парламентинде оппозициялык лидер Никол Пашиняндын талапкерлигин 59 депутат колдоду. 43 киши каршылыгын билдирди.

Еревандын борбордук аянтында миңдеген адам парламенттеги шайлоого көз салып турду. Пашиняндын жеңгени белгилүү болгондон кийин аянттагылар бирин-бирин куттуктап, майрамдай башташты.

Шайлоо алдында 42 жаштагы оппозициялык лидер эгерде парламенттеги добуш берүүдө башкаруучу партия өз убадасын аткарбай койсо, зордук-зомбулуксуз баш ийбестик чараларын баштоого даяр болууга чакырды.

Бир жума мурун парламенттеги көпчүлүк, экс-премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы Пашиняндын талапкерлигин өткөрбөй койгон.

2-майда Ереванда түмөндөгөн адам көчөгө чыгып, иш таштоо башталган соң Республикалык партия парламенттеги экинчи добуш берүүдө Пашиняндын талапкерлигин колдоорун ишарат кылган.

1-майда Пашинянды парламент премьер-министрликке шайлабай койгон. Ага 105 мандаттуу парламентте 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы каршы добуш берген. “Царукян” жана “Дашнакцутюн” фракциялары бириккенде 47 добуш топтолгон. Ал эми өкмөт башчылыкка шайланыш үчүн кеминде 53 депутаттын колдоосу зарыл. Пашиняндын талапкерлигин 45 киши колдосо, 56 мыйзам чыгаруучу “каршы” добуш берген.